“Бишкек парк” соода борборунда өрт чыкты
“Бишкек парк” соода борборунда 13-февралда таң эрте өрт чыкты, деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, соода борборунун электр зымдарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, аны өчүрүүгө жерине эки күжүрмөн эсеп тартылган.
Өрт саат 08:05те толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Жабыркагандар жок.
