Жогорку Кеңеште чоңдорго билим берүү маселеси талкууланды
Бүгүн 17-апрелде, Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотоновдун жетекчилиги астында Чоңдорго билим берүү күнү белгиленди. Ага Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард, Жогорку Кеңештин мурунку депутаттары Айсулуу Мамашова, Эльдар Абакиров, DVV international уюмунун, Чоңдорду окутуу Кыргыз ассоциациясынын жетекчилери жана башка билим берүү тармагынын эксперттери катышты.
Депутат Медер Чотонов маалыматтык технологиялар тездик менен өнүгүп жаткан шартта чоңдордун билим алуусу, кесиптик квалификациясын жогорулатуусу, жарандардын жаш курагына карабастан жумушка орношуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.
“17-апрелди Чоңдорго билим берүү күнү катары ар жылы белгилөө боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган. Кылым- жаша, кылым- оку дегендей, билим алуу эч качан кеч эмес. Ар бир жарандын тынымсыз окуп, өзүн өстүрүүсү мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн чоң ролду ойнойт”, – деп белгиледи депутат Медер Чотонов.
Жыйында Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Эльдар Абакиров куттуктоо сөз сүйлөп, заман эмгек рыногу талап кылган кесипкөйлөрдү даярдоонун маанилүүлүгү тууралуу айтты. Эксперттер чоңдор үчүн окутуунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана өлкөнүн адамдык потенициалын чыңдоого багытталган долбоорлор боюнча пикирин билдирди.
Иш-чаранын соңунда чоңдорго билим берүү жана окутуу тармагын өнүктүрүүгө, өмүр бою билим алуу деген принципти жайылтууга салым кошкондорго Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каттары, тармактык министрликтердин Ардак грамоталары, окутуучу уюмдардын сыйлыктары тапшырылды.
