Боом капчыгайында айнегин караңгылатып алган Ford Mustang айдоочусу айыпка жыгылды
видеодон алынган кадр
7 июль

Боом капчыгайында айнегин караңгылатып алган Ford Mustang айдоочусу айыпка жыгылды

Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагында өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Боом капчыгайында Ford Mustang үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, анын алдыңкы каптал айнектери мыйзамсыз караңгылатылгандыгы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашкандай, айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.

Эреже бузуу ошол жерде жоюлуп, айдоочу мыйзамсыз караңгылатууну өз ыктыяры менен алып салды.

ЖКККББ бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин жана мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. Мындай рейддик иш-чаралар республика боюнча улантылат.