Министрлер кабинети
30 июль
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Чолпон-Атага келди
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
