Ош шаарында көп кабаттуу турак жайларды жаңылоо иштери уланууда
видеодон алынган кадр
3 сентябрь

Ош шаарында көп кабаттуу турак жайларды жаңылоо иштери уланууда

Ош шаардык мэриясы жана Ош шаардык муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы (МЖКУ) тарабынан ишке ашырылып жаткан 50/50 кош каржылоо долбоорунун алкагында дагы үч көп кабаттуу турак жайда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. 

Мэриядан кабарлашкандай, И. Раззаков көчөсү, №32, Исанов көчөсү, №51 үйлөрүндө жана Кулатов кичи районундагы №21 көп кабаттуу үйдө чатырларын жана сырткы фасаддарын оңдоо иштери аткарылууда.

Долбоордун негизги максаты — эскилиги жеткен көп кабаттуу турак жайларды жаңыртуу менен бирге, жашоочулар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды түзүү.

Белгилей кетсек, 50/50 кош каржылоо долбоорунда оңдоо иштерине кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджет жана көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын каражатынын эсебинен тең каржыланат.