Саламаттык сактоо министри Р.Т. Эрдоган атындагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасында бөйрөк алмаштыруу операциясын жасаткан бейтаптардан кабар алды
14 июнь

Саламаттык сактоо министри Р.Т. Эрдоган атындагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасында бөйрөк алмаштыруу операциясын жасаткан бейтаптардан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Р.Т. Эрдоган атындагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасына барып, бөйрөк трансплантациясы жасалган бейтаптардын абалы менен таанышты.

Оорукананын базасында 2023-жылдан бери жалпы 19 бөйрөк трансплантациясы жасалган. 2026-жылы алты операция жүргүзүлүп, анын үчөө акыркы учурларга туура келет.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, бардык донорлордун жана реципиенттердин абалы туруктуу деп бааланууда. Уулуна бөйрөгүн берген эне үйүнө чыгарылган. Реципиент операциядан кийин адистердин көзөмөлүндө болуп, абалы туруктуу, жакынкы күндөрү жандандыруу бөлүмүнөн профильдик палатага которулушу күтүлүүдө.

Дагы эки учурда операциялар ийгиликтүү өткөн: бир аял жана бир эркек өз бир туугандарына бөйрөгүн беришкен. Бардык бейтаптар медициналык кызматкерлердин туруктуу көзөмөлүндө болуп, алардын абалы тынчсызданууну жаратпайт.

Операцияларды жүргүзүү үчүн Кыргызстанга Түркия Республикасынан трансплантологдор тобу келип, жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүүдө ата мекендик адистер менен биргеликте иш алып барышты.

Иш сапардын жүрүшүндө министр өлкөдө трансплантология кызматын мындан ары өнүктүрүүнүн жана улуттук медицинанын тарыхый мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз Республикасында бөйрөк трансплантациясы боюнча алгачкы операция 2012-жылдын 12-июнунда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун базасында жүргүзүлгөн. Ал учурда да бейтаптын апасы донор болгон. Операцияны профессор Эркин Орозакунов жетектеген адистер тобу аткарган. Арадан жылдар өтсө да донор да, реципиент да толук кандуу жашоосун улантып келишет.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында трансплантология кызматын өнүктүрүү боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө. Бөйрөк алмаштыруу операциялары Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында ата мекендик адистер тарабынан, ошондой эле Кыргыз-Түрк достук ооруканасында эл аралык эксперттер менен кызматташтыкта аткарылып келет. Бул кадрдык потенциалды чыңдоого жана бейтаптардын жогорку технологиялуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө.

«Трансплантологияны өнүктүрүү ата мекендик саламаттык сактоонун артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул кызматтын калыптануу тарыхындагы мурастарды сактоо, ата мекендик адистерди колдоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо аркылуу калкка көрсөтүлүүчү жогорку технологиялуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн мындан ары жогорулатуу маанилүү», – деди саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.