Кыргызстандагы клиника жана медициналык борборлорго 33 башкы дарыгер керек
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн 33 бош кызмат орду жарыяланганын билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, бул чечим жогорку кесипкөй жетекчи курамды түзүүгө багытталган кадр саясатын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган.
Вакансиялардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:
Бишкек шаары жана Чүй облусу – 6 вакансия
Ош облусу – 6 вакансия
Жалал-Абад облусу – 7 вакансия
Нарын облусу – 1 вакансия
Талас облусу – 2 вакансия
Баткен облусу – 2 вакансия
Республикалык жана адистештирилген борборлор – 9 вакансия
Жарыяланган бош кызмат орундар поликлиникаларды, адистештирилген борборлорду, республикалык жана райондор аралык мекемелерди камтыйт. Бул өлкө боюнча саламаттык сактоо тармагындагы кадрдык потенциалды күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
