Бишкек: Курулуш объектисинде чыккан өрт боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү
Бүгүн, 2026-жылдын 7-июлунда эрте менен саат тогуздар чамасында Бишкек шаарынын Б. Юнусалиев көчөсү 16 дарегинде жайгашкан 16 кабаттуу турак жай комплексинде өрт чыкты.
Аталган өрт кырсыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жана Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунан (ГИССИП) адистери тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш объектисинин жер астындагы унаа токтотуучу жайынын үстүңкү бөлүгү күйгөндүгү аныкталды.
Курулуш объектисинин унаа токтотуучу тарабындагы курулуш калдыктарынын күйүп кеткендигинен улам өрт чыккандыгы белгилүү болду. Ошол эле учурда өрткө каршы сигнал берүүчү жабдуулар (өрт кабарлоочу тутум) иштеп, өрт өз убагында көзөмөлгө алынгандыктан имараттын негизги конструкцияларына жана инженердик тутумдарына зыян келтирилген эмес. Азыркы учурда өрттүн негизги келип чыгуу себептери тиешелүү органдар тарабынан такталууда.
Катталган факты боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Борсан Констракшн” ЖЧКсына карата коопсуздук талаптарын сактабагандыгы үчүн жеринде акт түзүлүп, эскертмелер берилди.
Атап айтканда:
* курулуш аянтчасында коопсуздук чараларын толук камсыз кылуу;
* Кыргыз Республикасынын КР КЧ 12-02:2018 “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу” талаптарын так сактоо;
* өрт коопсуздугу жана эмгекти коргоо боюнча талаптардын толук аткарылышын камсыз кылуу милдеттендирилди.
Мындан тышкары, курулуш компаниясына аталган объект боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт коопсуздугу кызматынын тиешелүү корутундусун алуу милдеттендирилди.
