КР элчиси Армениянын тышкы иштер министринин орун басарына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды
Кыргызстандын Россиядагы жана ошол эле учурда Армениядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Армениянын тышкы иштер министринин орун басары Мнацакан Сафарянга ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий диалогдун активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, келечектеги биргелешкен пландарды аныкташты.
Элчи К.Бөкөнтаев Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы достук мамилелерди белгилеп, эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кыргыз-армян кызматташтыгын мындан ары да бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенине ишендирди.
Өз кезегинде министрдин орун басары М.Сафарян элчи К.Бөкөнтаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
