Чолпон-Атада Кыргызстан менен Пакистандын президенттеринин сүйлөшүүсү башталды
www
7 июль

Чолпон-Атада Кыргызстан менен Пакистандын президенттеринин сүйлөшүүсү башталды

Чолпон-Атадагы №2 мамлекеттик резиденцияда Кыргызстан менен Пакистандын президенттери Садыр Жапаров жана Асиф Али Зардаринин сүйлөшүүлөрү башталды. 

"Рух Ордо" маданий борборунда эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол ротасы тизилген.

Пакистандын президенти Ардактуу кароол менен "Ассаламу алейкум, аскер" деп кыргызча учурашты. 

Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр алгач тар курамда, андан соң эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда кеңейтилген форматта уланат.

Күн тартибинде саясий кызматташтыкты өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу, транспорттук байланыштарды жакшыртуу, энергетика, айыл чарба, билим берүү, туризм, саламаттыкты сактоо тармактарында кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланмакчы.