Ош шаарындагы коомдук транспортту жаңылоого 23 миллион евролук долбоор даярдалууда
2 июнь

Ош шаарындагы коомдук транспортту жаңылоого 23 миллион евролук долбоор даярдалууда

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Ош шаарынын транспорттук тутумун жаңылоого багытталган гранттык макулдашууну карады. 

Финансы министринин орун басары Нурбек Акжоловдун айтымында, бул макулдашуунун алкагында, Кыргызстандын экинчи борбор калаасы экологиялык транспортторду колдонот. Бул негизинен электробустар. Ал эми Бишкек шаарынан берилген 75 троллейбус дагы электробус деген терминге алмаштырылат. Башкача айтканда, троллейбус, электробустардын баары жалпысынан электробус деп атала баштайт. 

Ал белгилегендей, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен болгон келишимдин негизинде, каржылоонун биринчи траншы 5 миллион евро өлчөмүндө болгон. Ал эми экинчи траншка каражат табылбагандыктан, ал макулдашууга кол коюлган эмес. 

“Учурда Ош гаарына 46 электробус сатып алуу, Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасын жаңылоо, жаңы троллейбустук линияларды куруу зарыл”, – деди орун басар. 

Айтымында, долбоордун жалпы суммасы 23 миллион евро жана кредиттик мөөнөт – 15 жыл.