Таласта киши өлтүрүүгө шектелген киши 17 жылдан кийин кармалды
Таласта киши өлтүрүүгө шектелген киши 17 жылдан кийин кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Каргашалуу окуя 2008-жылы 28-майда Талас шаарында катталган.
Мас болгон үч киши шаар тургунун токтотуп, ур-токмокко алып, автоунаага салып, токой жээгине алып барып таштап кетишкен. Денесинен оор жараат алган жаран каза болгон.
Бул факты ошол учурда милиция тарабынан каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакция) 97-статьясы (Киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Окуяга шектелип эки адам кармалып, өз жазаларын алышкан.
Кылмыш ишине шектүүлөрдүн бири, Талас шаарынын тургуну 1984-жылы туулган Ш.Э. тергөөгө келбей изин жашырып качып кеткендиктен, 2008-жылдын август айында издөө иши ачылган.
Дээрлик 17 жыл убакыт Ш.Э. Кыргызстандын аймагына келбей чет өлкөдө качып жүргөн. Милиция аталган жаранды таап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн иликтөө-издөө иштерин токтоткон эмес.
Тынымсыз көрүлгөн иш аракеттердин натыйжасында 2025-жылдын 20-майында Талас ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ш.Э. Бишкек шаарынан кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
