Ысык-Атада тилсиз жоодон турак үй, эки унаа күйүп кетти 
28 май

Ысык-Атада тилсиз жоодон турак үй, эки унаа күйүп кетти 

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМден кабарлашты.

Кырсык бүгүн, 28-майда катталган. 

Өрттү өчүрүүгө эки күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 08:43тө толугу менен өчүрүлдү.

Кырсыктын кесепетинен турак үйдүн 300 чарчы метри жана короодо токтоп турган 2 жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен кошуна жайгашкан турак үйлөргө жалын өткөрбөй сактап калуу чарасы көрүлдү.

Жабыркагандар жок.

Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.