«Тарыхый, бирок эч кандай ачылыш жок»: Путин менен Трамптын саммити кандай жыйынтыкталды
15-августта Анкоридж шаарындагы Эльмендорф-Ричардсон аскердик базасында Россиянын Президенти Владимир Путиндин АКШга болгон жумушчу сапары аяктады. Ал жерде америкалык лидер Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуу дээрлик үч саатка созулуп, анын ичинде жекеме-жеке жана чакан курамдагы сүйлөшүүлөр болду.
Саммиттин жыйынтыгында Владимир Путин сүйлөшүүлөр конструктивдүү жана өз ара сый мамиледе өткөнүн жана бул көп жылдык тыныгуудан кийин диалогду калыбына келтирүүгө карай кадам болгонун билдирди.
«Биздин сүйлөшүүлөр абдан кеңири жана пайдалуу болду. Эртеби-кечпи кырдаалды оңдоп, тирешүүдөн диалогго өтүү керек болчу», – деп белгиледи ал.
Талкуунун негизги темасына Украинанын айланасындагы кырдаал айланды. Путин Россия чыр-чатакты токтотууга чын жүрөктөн кызыкдар экенин, бирок ошол эле учурда анын алгачкы себептерин жоюп, Москванын коопсуздук жаатындагы тынчсызданууларын эске алуу зарылдыгын баса белгиледи.
«Биздин бири бирибизди түшүнүүгө жетишкенибиз ошол максатка жакындашууга мүмкүндүк берет жана Украинада тынчтыкка жол ачат деп үмүттөнөм», - деди Россиянын президенти. Америкалык лидер өз кезегинде прогресс болгонун, бирок так келишимдер азырынча жоктугун билдирди.
«Менимче, биз абдан жемиштүү жолугушуу өткөрдүк: көп маселелер боюнча бир пикирге келдик. Бирок азырынча акыркы макулдашууга жетише элек бир-эки ири тема турат, бирок бизде прогресс бар», – деди Дональд Трамп.
Fox News телеканалына берген интервьюсунда ал Россияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнүн маанисин көрбөй турганын кошумчалады:
«Бүгүн мен бул жөнүндө ойлонушум керек деп ойлобойм. Эки-үч жумадан кийин эмне болорун көрөбүз».
Трамп өзүнчө Путинди «күчтүү жана өтө катаал лидер» деп мүнөздөп, Россиянын президенти жолугушууга басымдан улам эмес, өз ыктыяры менен келгенин баса белгиледи.
ММКлардын реакциясы
Европалык басма сөз саммиттин жыйынтыгын салкын кабыл алды. Британиялык The Economist журналы Аляскадагы жолугушуу Владимир Путин үчүн "триумфалдуу" болгонун белгилесе, Financial Times Москванын Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча милдеттенмелеринин жоктугун көрсөттү. The Guardian Трамптын "чоң ийгиликтер" жөнүндө конкреттүү деталдарсыз айтканына басым жасап, жоопторго караганда суроолорду көбүрөөк жаратканын белгиледи.
Француздук Le Figaro эки лидердин мамилесине көңүл бурду: "Буга чейин эч бир америкалык президент Трамптын Путин менен болгон мамилесиндей карама-каршылыктуу мамилени карманган эмес". Бельгиялык Le Soir келишимдерге жетишилбесе да, саммит Россия-Америка мамилелериндеги музду эритти деп белгиледи.
Германиялык NTV телеканалы Украинада тынчтыктын орношу азырынча күтүлбөй турганын белгилеп, жолугушууну "мазмунуна эмес, жагдайына карата" тарыхый деп атады. Ушундай эле пикирди DPA агенттиги да билдирип, конкреттүү келишимдердин жоктугун белгиледи.
Эксперттердин баасы
Саясат таануучу жана АКШ армиясынын отставкадагы подполковниги Эрл Расмуссен "Известияга" берген комментарийинде лидерлердин бири-бирин сыйлаганын белгиледи. "Алардын дене тилинен көрүнүп турат: алар бири-бирин сыйлашат, бирок ар бири өз элинин алдындагы жоопкерчилигин сезет", - деди ал. Анын айтымында, Путин менен Трамптын жеке мамилеси жакшы бойдон калууда, ал эми чыңалуунун негизги булагы НАТО болуп саналат.
Швейцариялык "20 Minuten" гезитине Кёльн университетинин профессору Клеменс Фишер жолугушуу Европа экинчи ролду ойногон жаңы дүйнөлүк тартиптин калыптанышынын башталышын көрсөтүп турат деп билдирди.
"Украина жана Европа саммиттин жыйынтыгында куру кол калышты, ал эми РФ менен АКШнын лидерлери упай топтоого жетишти", – деп белгиледи эксперт.
Ошентип, Анкоридждеги саммит Россия-Америка мамилелери үчүн маанилүү окуя болду. Ал Украина боюнча дароо макулдашууларга алып келген жок, бирок тараптардын диалогго кайтып келүүгө даярдыгын көрсөттү жана эки державанын лидерлеринин ортосундагы жеке байланышты ырастады.
