Борбордук Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчылары Чолпон-Атада өтө турган Консультативдик жолугушууга катышат
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 июль

Борбордук Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчылары Чолпон-Атада өтө турган Консультативдик жолугушууга катышат

2026-жылдын 30-июлунан 1-августуна чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

Мамлекет башчылары соода, энергетика, туризм тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоо, транспорттук коридорлорду кеңейтүү, аймактагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Ошондой эле аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашат.