Минура Абдыкалыкова төраганын басма сөз катчысы болуп дайындалды
Минура Абдыкалыкова Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду.
Минура Абдыкалыкова 2012-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин “Журналистика” адистиги боюнча аяктаган.
2012-жылдан 2026-жылга чейин АКИpress маалымат агенттигинде бир катар кызматтарды аркалап келген.
Ошондой эле 2021-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин коомдук башталыштагы жардамчысы болуп эмгектенген.
