Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат
Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат.
Алдамчылардын амалдары тынымсыз жаңыланып турат, ошондуктан, текшерилбеген шилтемелерге кирбөө, чоочундарга акча которбоо зарылдыгын эскертет, ошондой эле өзүн кызматкер катары тааныштырган бейтааныш адамдын маалыматын айтылган уюмдун расмий байланыш булактарынан эринбей атайын текшерип алууга чакырат.
Эгерде сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калганыңызды түшүнсөңүз, банк картасын дароо бөгөттөп, тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз.
Кошумча маалыматтар менен Улуттук банктын төмөнкү расмий коомдук байланыш каналына кайрылууга болот:
- Улуттук банктын коомдук кабылдамасы: (312) 61-04-86;
- WhatsApp номери: 0501 890 000;
- Электрондук почта: mail@nbkr.kg
