УКМК Рустам Мамасадыковдун кармалгандыгы тууралуу маалыматты четке какты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) төраганын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков кармалды деген маалыматты төгүндөдү.
Мекеменин басма сөз кызматы 7-июлда билдиргендей, Рустам Мамасадыков учурда өзүнүн кызматтык ордунда иштеп жатат.
Буга чейин социалдык тармактарда ал коррупциялык аракеттерге шектелип кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. УКМК бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Мекеме жарандарды жалган маалыматтарды таратпоого, ар кандай ушак-айыңдарга ишенбөөгө жана маалыматты расмий булактардан гана алууга чакырды.
Рустам Мамасадыков УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматына 2026-жылдын 10-февралында дайындалган.
