Тоң районунда «Арсенал» алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө
Тоң районунун аймагында «Арсенал» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Анын алкагында жырткыч жапайы жаныбарларды атуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл милициясынан кабарлашты.
Иш-чарага Тон райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын (ККК) УБС бөлүмүндө каттоодо турган мергенчилер тартылды.
Мергенчилердин мыйзамдуу уруксат кагаздары текшерилип, аңчылык учурунда коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган иш-чаранын негизги максаты — калктын жана мал чарбасынын коопсуздугун камсыз кылуу, жырткыч жапайы жаныбарлар тарабынан жаралышы мүмкүн болгон коркунучтардын алдын алуу болуп саналат.
