Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды
КР УКМК
17 апрель

Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК 2026-жылдын 15-апрелинде Жалал-Абад облустук ИИБнин башчысынын орун басарын (полковник К.К.И.) жана ИИБнин Тергөө кызматынын тергөөчүсүн (майор Т.А.Ж.) пара алып жаткан жеринен кармады.

Тергөө маалыматына ылайык, алар текшерүүнү токтотуу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн 2000 АКШ долларын талап кылышкан. Кармоо ИИБ имаратында 170 000 сом алып жаткан учурда жүргүзүлгөн.

Кармалгандар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Тергөө иштери жүрүп жатат.