Сел жүрөт! ӨКМ кайрадан чукул билдирүү таратты
www
7 июль

Сел жүрөт! ӨКМ кайрадан чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу кайрадан чукул билдирүү таратты. 

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 7-июлда күндүн экинчи жарымында жана 8-июлда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.