Жалал-Абадда экстремисттик материалдарды даярдап жүргөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды
9 январь

Жалал-Абадда экстремисттик материалдарды даярдап жүргөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды

Жалал-Абад облусунун аймагында экстремисттик материалдарды даярдап жүргөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, облустун аймагында экстремисттик материалдар даярдалып, таркатылып жаткандыгы боюнча Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан маалымат алынган.

Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 1979-жылы туулган коңшу өлкөнүн С.Ш. аттуу жараны кармалып, ал интернет тармактары аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюуу салынган “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымынын материалдарын таркатып жүргөндүгү аныкталган.

Учурда тергөө амалдарды жүрүп жатат.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы