Кыргызстанда шайлоо алдындагы үгүт иштери 23-декабрда башталат
Кыргызстанда президенттик шайлоого карата шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрында башталып, добуш берүүгө бир күн калганда, 2027-жылдын 26-январында саат 08:00дө аяктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусунда билдирди.
Үгүт өнөктүгүнө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар БШКдан аккредитациядан өтүшү керек. Арыздар электрондук форматта кабыл алынат.
Аккредитациядан өтпөгөн ЖМКлар жана интернет-басылмалар шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессин чагылдыруу укугун сактап калат. Бирок алардын материалдарында шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери болбошу керек.
Журналисттер шайлоо комиссияларынын жыйындарына катышып, протоколдор менен таанышып, алардын көчүрмөлөрүн алууга, ошондой эле фото жана видеого тартууга укуктуу.
Добуш берүү күнү добуш берүүнүн жашыруундуулугун сактоо жана добуш берүү, добуштарды эсептөө процессине кийлигишпөө шартында съемка участкалык комиссиянын төрагасы аныктаган жерден жүргүзүлүшү мүмкүн.
Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
