Мамлекеттик агенттик жарандарды транспорт каражаттарын легалдаштыруу жол-жобосун бүтүрүүгө чакырат
9 сентябрь

Мамлекеттик агенттик жарандарды транспорт каражаттарын легалдаштыруу жол-жобосун бүтүрүүгө чакырат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жарандарды 2025-жылдын 1-октябрына чейин созула турган транспорт каражаттарын легалдаштыруу процедурасын өз убагында бүтүрүүгө чакырат.

Каттоонун бардык зарыл этаптарынан өтүү, транспорт каражатынын толук юридикалык статуска ээ болушун камсыздай тургандыгын эскертебиз.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 9-сентябрынын таңына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 9 635 чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо номери менен жүргөн транспорт каражаты катталган.

Региондор боюнча маалыматтар:
• Бишкек ш. – 2 086 транспорт каражаты;
• Ош ш. – 745 транспорт каражаты;
• Баткен областы – 525 транспорт каражаты;
• Джалал-Абад областы – 1 392 транспорт каражаты;
• Нарын областы – 209 транспорт каражаты;
• Ош областы – 1 319 транспорт каражаты;
• Талас областы – 394 транспорт каражаты;
• Чүй областы – 2 606 транспорт каражаты;
• Ысык-Көл областы – 359 транспорт каражаты;

Кыймылдаткычынын көлөмү боюнча маалымат:
• 2 000 куб. смга чейин – 6 192 транспорт каражаты;
• 2 000 куб. смдан жогору – 3 443 транспорт каражаты катталган.