Жогорку Кеңеш УКМКнын төрагасын жана үч министрди дайындоого макулдук берди
Бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын жана үч министрдин кызмат орундарына көрсөтүлгөн талапкерлерди дайындоого макулдук берүү маселелери каралды.
Жыйында талапкерлерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Тактап айтканда, Жогорку Кеңеш Жумгалбек Шабданбековду Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна, Акыл Токтобаевди жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, Урматбек Шамыркановду өзгөчө кырдаалдар министри, ал эми Талантбек Солтобаевди транспорт жана коммуникациялар министри кызматтарына дайындоого макулдук берди.
