Бекешев жетим балдарга МИК аркылуу үй берүү туура эместигин айтты: Анын баасы барган сайын өсүүдө
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын көйгөйүн көтөрдү.
Ал: “Балдар үйүндө чоңойгон балдар ал жактан кеткенден кийин кайда барышат? Бала кезде аларга кандай билим берилет? Аларды үй менен кантип камсыз кыла алабыз?” – деген суроо узатты.
“Азыр эми жетим балдардын эсебине депозит ачып, каражат которуп жатабыз. Бирок бул жетиштүү эмес. Чынын айтыш керек, балдар үйүндө чоңойгон балдардын Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлерин төлөөгө күчү жетпейт. Кыялданып кетип, баарын эле МИКке жөнөтүштүн кереги жок, көбүнүн ага алы жетпейт. Комплекстүү караш керек, жетим балдар кайда барат, аларды турак жай менен кантип камсыз кылабыз деп реалдуу ойлонууга тийишпиз. МИК азыр көбүнө жеткиликтүү эмес, анткени ал үчүн туруктуу киреше талап кылынат. Инфляциянын айынан баа болсо өсүп жатат. Ошондуктан социалдык аялуу катмар, майыптыгы бар адамдар жана жетим балдар үчүн МИК жеткиликтүү болбой калды”, – деди депутат.
Ал жетим балдар үчүн жатакана же кызматтык турак жай курууну сунуштады.
“Кандайдыр бир жол сөзсүз болот да. Аны табыш керек. Кечирип койгула, мамлекет силерге жардам бере албайт деп айтуу уят. Ушул маселени карайлы, кайсы бир программа жазып, ага акча которолу”, – деди Дастан Бекешев.
