Өзгөчө кырдаалдар министри Талас облусундагы жабык типтеги дренаждардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты
30 июль

Өзгөчө кырдаалдар министри Талас облусундагы жабык типтеги дренаждардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында калктуу конуштардын инженердик инфраструктурасын жакшыртуу жана жер астындагы, ошондой эле жаан-чачын сууларын агызууга багытталган жабык типтеги дренаждардын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.

Министр алгач Талас районунун Ак-Жар айылындагы курулуш объектисинде болду. Бул жерде жалпы узундугу 984 метрди түзгөн жабык типтеги дренаждын эски линиясын жаңылоо боюнча демонтаж иштери жүргүзүлүп, анын 200 метри аяктады. Министр аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

Андан соң министр Бакай-Ата районундагы Үрмарал дарыясына барып, суунун деңгээли көтөрүлгөндөн улам дарыянын жээги жуулуп, айрым көпүрөлөрдү агызып кеткен жана жергиликтүү тургундардын өтүүсүнө кооптуу абал жаралган аймак менен жеринде таанышты. Тиешелүү кызматтарга жээкти бекемдөө, коопсуздукту камсыздоо жана алдын алуу иштерин ыкчам жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Иш сапары Айтматов районунун Чолпонбай айылында уланды. Бул жерде жалпы узундугу 5410 метрди түзгөн жабык типтеги дренаждын эски линиясын жаңылоо иштери жүрүп жатат. Учурда демонтаж иштеринин 300 метри аяктады.

Ошондой эле министр Талас шаарынын Тагайбаев көчөсүндөгү дренаж маселеси менен жеринде таанышып чыкты. Анын жыйынтыгында аталган көчөдө жабык типтеги дренаж куруу долбоору ишке ашырылып, курулуш иштерин баштоо боюнча тиешелүү чечим кабыл алынды.

Иш сапарынын жыйынтыгында министр бардык жооптуу кызматтарга курулуш иштеринин сапатын катуу көзөмөлгө алып, белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү жана иштердин жүрүшүн ылдамдатууну тапшырды.