Канттагы өрттөн жабыркагандарга Мамлекеттик камсыздандыруу 2,5 миллион сом төлөп берди
5 декабрь

Канттагы өрттөн жабыркагандарга Мамлекеттик камсыздандыруу 2,5 миллион сом төлөп берди

Бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Чүй облусунун Кант шаарында үйү өрттөн жабыркаган үч жарандын ар бирине 850 000 сомдон жалпы 2 500 000 сом акча каражатынын сертификаттарын тапшырды. Салтанаттуу иш-чарага Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Айдралиев Закир Токтобекович жана мэриянын орун басары катышты.

Бул акчалар жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүгө жумшалат. Өрт бир үйдөн чыгып, кошуна үч үйгө жайылып, жалпы төрт турак жай өрттөнгөн. Бирок бул үйлөрдүн ичинен үчөө камсыздандыруу полисине ээ болгондуктан, алардын ээлери Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан акчалай жардам алышты.

Зыянга учураган турак жай ээлеринин айтымында, алар үйлөрүн сатып алганда каттоодон өткөрүү үчүн камсыздандыруу полиси талап кылынгандыктан, өз убагында камсыздандыруу келишимин түзүшкөн. Бүгүн, алардын мындай алдын алуу чарасы өз жемишин берип, алар материалдык жардамга ээ болушту.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарды өз турак жайларын камсыздандырууга чакырат, анткени мындай күтүүсүз кырсыктарда камсыздандыруу коргоосу үй-бүлөңүздүн коопсуздугу үчүн маанилүү роль ойнойт.