Бишкекте Муромский көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат
www
17 апрель

Бишкекте Муромский көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат

2026-жылдын 18-апрелинен тартып Муромский көчөсүнүн Б. Алыкулов көчөсүнөн Кипкалов көчөсүнө чейинки бөлүгү жолду реабилитациялоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жолду реабилитациялоонун алкагында канализация жана суу түтүктөрүн оңдоо, жолго эки кат асфальт төшөө, ошондой эле ирригациялык системаны куруу иштери жүргүзүлөт.

Жолдун туурасы 14 метрди түзүп, эки тарабында 3 метрден тротуар салынат.

Буга байланыштуу № 23, 18, 135 жана 161-каттамдардын кыймыл чиймеси да өзгөртүлөт. Аталган каттамдар убактылуу башка жолдор аркылуу каттайт.