Депутаттар Эсептөө палатасын санариптештирүү боюнча мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу керектигин айтышты
2 июнь

Депутаттар Эсептөө палатасын санариптештирүү боюнча мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу керектигин айтышты

Бүгүн, 2-июндагы Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Мыйзам долбоорун юстиция министри Аяз Баетов тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору тышкы мамлекеттик аудиттин натыйжалуугун, ачык-айкындуулугун жана көз карандысыздыгын жогорулатууга багытталган. Конституциялык мыйзам долбоорунун негизги максаты болуп маалыматтарды талдоого негизделген мамлекеттик аудиттин заманбап моделине өтүү, тобокелдикке багытталган жана алдын алуучу ыкманы киргизүү, ошондой эле аудитордук ишти санариптештирүү болуп саналат.

Тагыраагы, мыйзам долбоорунда төмөнкүлөр каралат: мамлекеттик санариптик технологиялык системаларды жана башка маалыматтык ресурстарды пайдалануу менен тышкы мамлекеттик аудитти жүзөгө ашыруунун формасы катары электрондук (онлайн) аудитти киргизүү; тобокелдиктерди эрте аныктоого, финансылык тартип бузуулардын жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык ресурстарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган алдын алуучу (проактивдүү) аудитти киргизүү; электрондук форматта алдын алуучу аудитти жүргүзүүнүн артыкчылыгын белгилөө жана башка түзөтүүлөр сунушталат. 

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев электрондук аудитти киргизүү демилгесин колдоп, ошону менен бирге мамлекеттик органдардын кайталанган текшерүү функцияларын жоюуну сунуштаса, эл өкүлү Улан Примов мыйзам долбоорунда сунушталган айрым нормаларга токтолуп, Эсептөө палатасынын көз карандысыз институт катары макамын сактап калуу чоң мааниге ээ экенин жүйө келтирди.

Ал эми санариптештирүүгө байланышкан жоболор тууралуу сөз кылган депутат Илимбек Кубанычбеков электрондук платформалардын коопсуздугун жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, ошондой эле бул багыттагы тобокелдиктерди азайтуу керектигин айтты. Муну менен катар депутат Таалайбек Сарыбашов мыйзам долбоорун ишке ашыруунун механизмдерине кызыкса, эл өкүлү Айсаракан Абдибаева маалыматтардын купуялуулугун коргоо жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде депутат Медер Чотонов Эсептөө палатасы тарабынан Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде жүргүзүлгөн аудиттердин тартиби жана ага байланыштуу чыгымдар тууралуу суроо узатып, мындай текшерүүлөрдү толугу менен аралыктан жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Жыйынтыгында депутаттардын сунушу менен мыйзам долбоору айрым ченемдерди иштеп чыгуу максатында күн тартибинен алынды.