Кыргызстандык адистер Кытайдын алдыңкы курулуш тажрыйбасы менен таанышты
Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин кызматкерлери 27–30-май күндөрү жумушчу иш сапары менен Кытайдын Шаньдун провинциясында болду. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Иш сапардын алкагында Цзинань шаардык долбоорлоо-конструктордук институтунун, Jinan Urban Construction Group Co., Ltd. компаниясынын жетекчилиги жана адистери, ошондой эле атайын техникаларды өндүрүүчү алдыңкы ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Сапардын негизги максаты инженердик изилдөөлөр, долбоорлоо, курулуш жана заманбап технологияларды киргизүү тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле кытайлык өнөктөштөрдүн алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүү болду.
Мындан тышкары, кыргыз делегациясы атайын техникаларды чыгарган ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышып, Цзинань шаарындагы шаардык инфраструктуралык объекттерине барды. Анда шаардык чөйрөнү өнүктүрүүнүн, инженердик инфраструктураны куруунун жана курулуш долбоорлорун башкаруунун заманбап ыкмалары сунушталды.
Иш сапардын жыйынтыгында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана эки өлкөнүн адистеринин ортосунда кесиптик тажрыйба алмашууну кеңейтүү боюнча макулдашууларга жетишилди.
