Кыргызстандык кыздар турмушка көп чыккан Топ-3 өлкө: алдыда Россия
7 июль

Кыргызстандык кыздар турмушка көп чыккан Топ-3 өлкө: алдыда Россия

Кыргызстандык кыздардын кытай жарандарына турмушка чыккан учурлары аз. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазды.

Ал “Кызмат” мамлекеттик мекемесине сурамжылоо жиберип, алган жообун жарыялады.

Анда 2022-жылдан 2026-жылдын биринчи кварталына чейинки каттоого алынган никелердин статистикасы көрсөтүлгөн.

Депутат белгилегендей, Кыргызстанда:

  • 2022-жылы – 45 605 нике;
  • 2023-жылы – 43 574 нике;
  • 2024-жылы – 44 984 нике;
  • 2025-жылы – 42 714 нике;

2026-жылы (алгачкы 3 айында) - 18 869 нике каттоодон өткөн.

Ошондой эле, аталган жылдарда кыргызстандыктарды жубайлыкка көп алган Топ-3 өлкө булар:

  1. Россия – 1 493 нике;
  2. Түркия – 610 нике;
  3. Өзбекстан – 425 нике.

Бекешев кытай жарандары менен болгон никени бөлүп көрсөтүп, аны менен кимдир бирөөнүн кыжырына тийейин деген оюу жоктугун баса белгилеген.

Айтымында, акыркы 4 жылда 85 кыргызстандык кыз кытайлык жарандарга турмушка чыгышкан.

“Кыргыздын кыздары” кытай жарандарына көп турмушка чыгып жатат деген талкуу көп. Бирок расмий маалыматтар мындай нике анчалык деле көп эместигин көрсөтөт”, – деген депутат.