Дээрлик 247 миң кыргызстандык 7,2 млрд сом өлчөмүндө пенсиялык топтомо каражаттарын алышты
15 сентябрь

Дээрлик 247 миң кыргызстандык 7,2 млрд сом өлчөмүндө пенсиялык топтомо каражаттарын алышты

Социалдык фонд 2026-жылдын 1-сентябрына карата топтомо каражаттарын төлөөнү каржылоонун статистикасын жарыялады. 

Маалыматка ылайык, пенсиялык топтомо каражаттарын алгандардын жалпы саны 246 866 адам (7 208,5 млн. сом суммасында), анын ичинде:

  • Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөө –213 979 адам (3 568,0 млн. сом);
  • Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендерге төлөө – 4 713 адам (272,1 млн. сом);
  • Каза болгон адамдардын мураскорлоруна төлөө –13 241 адам (433,7 млн. сом);
  • Аскер кызматчыларына төлөө - 1051 адам (13,7 млн.сом);
  • Ипотекалык кредит алып жаткандарга - 397 адам (92,1 млн.сом);
  • Ипотекалык кредит алгандарга – 10 348 адам (2 320,1 млн.сом);
  • Турак жайды ижарага алуу боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөргө (“МИК” ААК каржылайт) - 887 адам (141,9 млн. сом);
  • Банк кепилдигин берүү менен үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга - 587 адам (176,1 млн. сом);
  • ААК “МИК”, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрия тарабынан Мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулуштун катышуучуларына - 73 адам (12,5 млн. сом);
  • Расмий түрдө жумушсуз деп таанылгандарга төлөө - 544 адам (8,3 млн.сом.);
  • Оор оорулары бар адамдарга төлөө - 1046 адам (170,0 млн. сом).