Милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери «Притон» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чарасын өткөрүштү
9 сентябрь

Милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери «Притон» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чарасын өткөрүштү

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгы, райондук ички иштер башкармалыктары менен биргеликте сойкуканаларды уюштуруу жана интимдик кызмат көрсөткөн фактыларын аныктоо максатында “ПРИТОН” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы жүгүзүлдү.

Иш-чаранын алкагында, шаарыбызда жайгашкан сауналар, мейманканалар текшерүүдөн өткөрүлдү. Жыйынтыгында, интимдик кызмат көрсөткөн 36 кыз аныкталып, райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилди. Алар менен тиешелүү түшүндүрүү жана профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Кодексинин 109 2 беренесине («Сойкулук менен алектенүү») ылайык административдик протоколдор түзүлдү.

Урматтуу жарандар! Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы коомдук тартипти жана коомчулукта моралдык нормаларды бузган, анын ичинде сойкулук менен алектенгендерди аныктоо боюнча иш-чаралар уланаарын эскертет. Ошону менен бирге, мындай мыйзамсыз аракеттер коомдун руханий саламаттыгына жана тартипке зыян келтирээрин билдирет.

Эгерде сиздерде, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттер тууралуу маалыматыңыз болсо, дароо 102 кызматына кабарлаңыз.