Оштогу Мамыров көчөсүндө жаңылануу иштери уланууда
2 октябрь

Оштогу Мамыров көчөсүндө жаңылануу иштери уланууда

Ош шаарындагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Мамыров көчөсүндө азыр сквердин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Каналдын боюндагы аянтчага брусчаткалар төшөлүп, эс алуучулар үчүн орундуктар орнотулууда. Ошондой эле бул жерге ачык абада машыгуу үчүн атайын спорттук жабдуулар да коюлууда.