“Каракол” эл аралык аэропорту августта алгачкы эл аралык каттамдарды кабыл ала баштайт
“Каракол” эл аралык аэропорту августта алгачкы эл аралык каттамдарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө курулуш иштери 95% аткарылды. Учуу-конуу тилкесин узартуу боюнча негизги иштер дээрлик аяктады. Учурда жаңы тилкеге заманбап жарык-сигнал берүүчү жабдуулар орнотулуп, аларды техникалык ишке киргизүү, жөнгө салуу жана буга чейин колдонулуп келген учуу-конуу тилкесинин иштеп жаткан системасы менен интеграциялоо иштери жүргүзүлүүдө.
"Бул аэропортту жаңы форматта иштетүүгө даярдоонун акыркы баскычтарынын бири болуп саналат. Бардык ишке киргизүү жана жөнгө салуу иштери аяктагандан кийин, аэропорт аба кемелерин күндүз да, түнкүсүн да кабыл алып, жөнөтө алат. Бул анын эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет. Август айынын ортосунда “Каракол” аэропортуна алгачкы техникалык эл аралык каттамды аткаруу пландалууда. Ошол эле учурда авиакомпаниялар менен туруктуу эл аралык каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда", - деди ал.
