3 жаштагы баланы парламенттин имаратына киргизбей коюшкан, - Бекешев эрежелерди өзгөртүү зарылдыгын айтты
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев парламенттин айрым эрежелерине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.
Айтымында, ага жакында шайлоочусу 3 жаштагы баласы менен келген, бирок кароолчулар баланы имаратка киргизүүдөн баш тартышкан.
“Кичинекей бала парламентке кандай зыян алып келет? Ал эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Эмнеге ушундай эреже кирип калган? Муну жокко чыгарышыбыз керек. Эгерде үйдө кичинекей баланы таштай турган адам жок болсо, жанына ээрчитип келишет да. А кароолчулар “ушул жерге таштап коюп, өзүңүз кирип чыгыңыз” деп айтып жатышат. Кичинекей баланы чоочун адамга кантип ташташат?” – деди депутат.
Бекешев спикердин парламентке “Эне жана бала” бөлмөсүн ачуусу демилгесин колдоду.
