Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы расмий жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбе расмий жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди.
Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилди.
Расмий сапардын алкагында өлкө жетекчилиги менен жолугушуулары, ошондой эле бир катар маданий жана өндүрүш жайларына баруусу каралган.
