Ала-Тоо аянтында фонтанга түшкөн кыз аныкталып, чара көрүлдү
2026-жылдын 9-майында социалдык тармактарда Ала-Тоо аянтындагы фонтанга түшкөн кыз тууралуу видео тараган.
Аталган маалымат Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи тарабынан каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Биринчи май РИИБдин милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү тарабынан 1991-жылы туулган Ж.А. жана 2005-жылы туулган А.Э. аттуу жарандар аныкталды.
Аларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) жана 109-беренеси (анык эмес (жалган) маалыматтарды таратуу) боюнча протоколдор түзүлдү.
