Кыргызстанда адам сатууга каршы аракеттенүү чаралары талкууланды
2026-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте Адам сатууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган тегерек стол өткөрдү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М.К. Байгончоков жыл сайын 30-июлда белгиленүүчү Адам сатууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү адам сатуунун алдын алуу, жабырлануучуларды коргоо, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана бул кылмышка каршы күрөшүүнүн улуттук системасын чыңдоо боюнча мамлекеттин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коом институттарынын күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салган күн экенин белгиледи.
«Адам сатууга каршы аракеттенүү маселеси биздин жалпы артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири бойдон калууда жана туруктуу көңүл бурууну, тыгыз өз ара аракеттенүүнү жана бардык кызыкдар тараптардын күч-аракеттерин бириктирүүнү талап кылат. Биргелешкен иш-аракеттер гана бүгүнкү күндүн чакырыктарына натыйжалуу жооп берип, адамдын укуктарын жана кадыр-баркын ишенимдүү коргоону камсыздай алат», — деп белгиледи ал.
Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар адам сатууга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жетишилген жыйынтыктарын, учурдагы көйгөйлөрдү жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары өркүндөтүүнүн багыттарын талкуулашты.
