Мамлекеттик адвокаттар кандай тартипте жана канча акы төлөп окуй турганы айтылды
www
2 июнь

Мамлекеттик адвокаттар кандай тартипте жана канча акы төлөп окуй турганы айтылды

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети юридикалык өкүлчүлүккө багытталган мыйзам долбоорун 2-окууда карады. 

Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин өлкө боюнча мамлекеттик адвокаттар окуудан өтөөрүн эске салып, ал үчүн канча акы төлөнөөрүнө кызыкты.

Ошол эле убакта депутат акыны өтө жогорулатуу ызы-чууга алып келээрин эскертти. 

“Адвокатуранын окуу борборлорунда окутуу процесси башталат эмеспи. Баасын өтө чоң кылбаш керек жана онлайн форматта жүргүзүү зарыл. Алыскы аймактардан – ошол эле Нарын, Баткенден адистерди Бишкекке келтирүүнүн кереги жок. Zoom аркылуу окутса болот. Юридикалык өкүлчүлүктүн адвокаттары Адвокатурага мүчө акысын төлөшпөйт, бирок аны башкача кылып – окуу акысын жогорулатуу менен алышы мүмкүн. Ошондо ызы-чуу башталат”, - деди Бекешев. 

Юстиция министри Аяз Баетов окутуу көбүнесе онлайн форматта өтөөрүн жана окуу акысы минималдуу суммада болоорун билдирди.