Бишкек мэриясы накталай төлөм жүргүзүүдө жол акысын көтөрүүнү пландап жатат
8 октябрь

Бишкек мэриясы накталай төлөм жүргүзүүдө жол акысын көтөрүүнү пландап жатат

Бишкек мэриясы накталай төлөм жүргүзүүдө жол акысын көтөрүүнү пландап жатат. Тиешелүү документтин долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, суниципалдык автобустарда жана троллейбустарда жүрүү наркы накталай эмес түрдө 17 сом, накталай формада 20 сом. Накталай жана накталай эмес төлөм формасынын айырмасы 3 сом.

Калкка жол кирени электрондук төлөө системасын пайдаланууга дем берүү максатында жол кире акысын накталай түрдө көбөйтүү сунушталууда.

Ошондой эле, бир билет менен белгилүү бир убакыттын ичинде которууларды жасоого мүмкүндүк берген тарифти киргизүү пландаштырылууда.