Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Pfizer компаниясы дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү талкуулашты
Женевага (Швейцария) болгон иш сапарынын алкагында КР Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Pfizer компаниясынын жана "Accord for a Healthier World" эл аралык демилгесинин өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууга Accord программасынын өлкөлөр менен иштөө боюнча жетекчиси Исмахен Бенмехиди, программанын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча директору Полин Ирунгу жана менеджер Роберт Тота катышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын калкын заманбап жана өтө маанилүү дары-дармектер, анын ичинде онкологиялык ооруларды дарылоо жана химиотерапия үчүн каражаттар менен камсыздоону кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
