Бишкекте техникалык тейлөө борборунан өрт чыгып, 4 унаа күйүп кетти
Бишкектеги Алма-Ата көчөсүндө техникалык тейлөө борборунан чыккан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Кырсык 7-мартта катталган. Жерине жалпы үч күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
"Тилсиз жоо саат 15:15те чектөөгө алынып, саат 16:03тө толугу менен өчүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн, төрт унаа толугу менен күйүп кеткен жана 5 унаа сакталып калды.
Жабыркагандар жок.
