Бишкектин үч конушунда 27-февралда ичүүчү суу болбойт
Бишкектин «Ак-Жар», «Ак-Бата» жана «Келечек» конуштарында 27-февралда саат 09:00-17:00 чейин убактылуу ичүүчү суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Ичүүчү суу «Ак-Жар», «Ак-Бата» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

