Биз эми үчөөбүз! Айсулуу Тыныбекова уулдуу болду
1 март

Биз эми үчөөбүз! Айсулуу Тыныбекова уулдуу болду

Кыргызстандык спортчу кыз Айсулуу Тыныбекова уулдуу болду.  Ал кубанычтуу кабары менен социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү. 

"Биз эми үчөөбүз. Ар бир каалоо тилек, баталар үчүн үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдиребиз!", - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова менен жолдошу Бакберген Аттокуров 2024-жылдын декабрь айында баш кошушкан.