Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин төрагасы Кыргызстанга келди
Министрлер кабинети
28 апрель

Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин төрагасы Кыргызстанга келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбе расмий жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди. 

Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилди. 

Расмий сапардын алкагында өлкө жетекчилиги менен жолугушуулары, ошондой эле бир катар маданий жана өндүрүш жайларына баруусу каралган.