Кыргызстан менен Тоголездин ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулашты
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 28-апрелде Тоголез Республикасынын тышкы иштер, кызматташтык, африкалык интеграция жана чет өлкөдөгү тоголездер иштери боюнча министри Роберт Дюссе менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Роберт Дюссе Бишкек шаарына Тоголез Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбенин Кыргызстанга боло турган расмий сапарына катышуу үчүн келген.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тоголез кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Министрлер акыркы жылдары Кыргызстан менен Того ортосундагы байланыштар жанданып жатканын белгилешип, мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстан менен Того ортосундагы эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
