Баткенде милиция кызматкерлеринин даярдыгы текшерилди
Баткен облусунда милиция кызматкерлеринин кесиптик жана дене бой даярдыгын арттырууга багытталган маанилүү иш-чара уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Ага Баткен ОИИБдин башчысынын орун басары Данияр Амирбеков өзү катышып, жеке көзөмөл жүргүздү.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер күч-кубатын жана чыдамкайлыгын сыноого алган нормативдерди — 3 чакырымга чуркоо, турникке тартылуу, отжимания жасоо, граната ыргытуу жана самбо боюнча күрөш — ийгиликтүү аткарышты.
Ошондой эле алардын ок атуу чеберчилиги жана теориялык даярдыгы да кылдат текшерүүдөн өттү.
Мындай комплекстүү текшерүү кызматкерлердин ыкчам аракетин, бекем тартибин жана кесиптик чеберчилигин чыңдоого багытталганы белгиленип, жыйынтыгында алардын даярдыгы талапка жооп берери жогору бааланды.
