Сузак районундагы Коммунизм – Жаңы-Дыйкан унаа жолуна асфальт төшөлүүдө
Транспорт министрлиги
28 апрель

Сузак районундагы Коммунизм – Жаңы-Дыйкан унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Сузак районундагы Коммунизм – Жаңы-Дыйкан унаа жолуна асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолдун узундугу — 6 чакырым. Быйылкы жылы толук асфальт төшөө пландалган.

Учурда жолдун негизин даярдоо, тегиздөө жана асфальт төшөө иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Эки тилкеде жер алдындагы суу түтүктөрү жаңыланууда.